Премьер-министрлик кызматын сактап калды

Автор

Учурдагы өкмөт башчы Алихан Смаилов Казакстан Республикасынын премьер-министрлик кызматына кайрадан шайланды.
Президенти Касым-Жомарт Токаев ачкан парламенттин пленардык жыйынында Алихан Смаиловду премьер-министрликке шайлоо боюнча добуш берүү болду.
Добуш берүүгө 98 депутаттын 97си катышып, жыйынтыгында Смаиловдун талапкерлигине 82 депутат “макул”, 7 депутат “каршы”, 8 депутат калыс добуш берди.
Ошентип Алихан Смаилов премьер-министрликке кайрадан шайланды.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 31-марттан 1-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Алсак, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак […]

Сизге жагышы мүмкүн