Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын президентинин мамлекеттик визити 2023-жылдын май айына пландалган.

“Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Кытай-Борбордук Азия саммитине дагы катышат. Азыр эки тарап тең иш-чарага активдүү даярданып жатышат. Биз бул иш-чара чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз”, – деп кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өзгөн районундагы жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлдү. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. 22-мартта Кызыл-Күңгөй тилкесинде болжол менен 1 млн куб жер көчкү орун алып, 18 үйгө коркунуч туудурган. Көчкү үйлөргө 300 метр гана жетпей калганы айтылат. […]

Сизге жагышы мүмкүн