Израилдин президенти Ицхак Герцог өлкөнүн сот реформасы үчүн айыгышкан күрөш Израилди жарандык согуштун босогосуна алып келе жатканын билдирди.
Буга чейин Израилдин президенти сот реформасына бир катар түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган. Аны азыркы өкмөт колдоп жатат. Оппозициялык саясатчылар Герцогдун демилгесин кубатташты, бирок, премьер-министр Биньямин Нетаньяху президенттин планын четке кагып, анын сунушу “коалиция менен макулдашылган жок жана сунуштун борбордук элементтери жөн гана түзүлгөн кырдаалды улантат”,-деп билдирди.
Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бей Мар 16 , 2023
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Турнир 21-25-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Түштүк Кореянын спортчулары катышат. Эркектер арасында 46 кг, 48 кг, […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/144010_w750_h_r.jpg)