Президенттин катышуусунда кезектеги “Мурас” турнири башталды

Автор

Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги “Мурас” футболдук турнири башталды. Алгач президенттин командасы менен журналисттер беттешүүдө.
Мелдешке 16 команда катышып жатат. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.
Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром – балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин менен Ирандын президентинин сүйлөшүүлөрү аяктады

Россиянын президенти Владимир Путин менен ирандык кесиптеши Ибрагим Раисинин сүйлөшүүлөрү аяктады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушуу беш саатка созулганын, басымдуу бөлүгү жабык өткөнүн билдирди. Путин Россия Федерациясы менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетип, 20 пайызга өскөнүн айтты. Мындан тышкары жолугушууда Путин менен Раиси Палестина-Израиль жаңжалын […]

Сизге жагышы мүмкүн