reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Президенттикке талапкер НАТОдон чыгарын, Крымды Россиянын курамында таанырын айтты

Son Güncelleme :

24 марта 2023 - 16:00

reklam
Президенттикке талапкер НАТОдон чыгарын,  Крымды Россиянын курамында таанырын айтты
reklam

Түркиянын президенттигине талапкер, «Ватан»  партиясынын лидери Догу Перинчек жеңсе, Анкара НАТОдон чыга турганын билдирди.
Анын  айтымында,  түрктөрдүн  80 пайызы  АКШны коркунуч деп эсептесе, 70 пайызы Россия менен Кытайды дос деп аташат.  «Биздин башкаруубузда Түркия НАТОдон сөзсүз чыгат, анткени НАТО Түркия үчүн жалгыз коркунуч»,-деди.
Саясатчы Батыштын Россияга каршы санкцияларын тааныбай турганын, эгер жеңсе, Россия менен экономикалык байланыштарды бекемдерин убада кылды.
Крым Россия Федерациясынын аймагынын бир бөлүгү экенин баса белгилеп, «Ватан»  партиясы жаңы республикаларды Россиянын курамында тааный турганын кошумчалады.
Догу Перинчек 80 жашта.  Ал президенттикке биринчи жолу ат салышып жаткан жок.  2018-жылдагы шайлоодо ага 98926 адам  добуш берген.
Түркияда жалпы шайлоо 14-майда өтөт.  Өлкө эли президентти жана парламенттин 600 мүчөсүн шайлайт.

reklam