Түркиянын президенттигине талапкер Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда президенттик жарыштан баш тартканын билдирди.
“Мен талапкерлигимден баш тартам. Аларда мени күнөөлөгөнгө негиз калбасын. Биздин партияга добуш бергиле, биздин партия парламентте болушу керек”,-деп жазган Инсе.
Президенттик жарыштан баш тартуунун себебин ага ар кандай чагымчылдык жана жалган маалымат түрүндө адекваттуу эмес, ашыкча басым деп атаган.
“Мен 40 жылдан ашык саясатта жүрөм, бирок бул жылдар аралыгында акыркы 45 күндө болгондорду көргөн эмесмин. Жасалма текшерүүлөр, жасалма видеолор. Түрк мамлекети менин аброюмду коргой алган жок,”-деди ал .
“Азия Кубогу -2023”: “Акшумкарлардын” финалындагы атаандаштары аталды
Жум Май 12 , 2023
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Азия кубогунун финалдык баскычындагы атаандаштары белгилүү болду. 11-майда Дохада (Катар) турнирдин финалдык бөлүгүнө чүчү кулак ташталып, анда 24 команда 4 командадан 6 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы Сауд Аравия, Таиланд жана Оман курама командалары менен бирге тайпага кирди. Командалар бири — бири менен бир жолу […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/aa894ce8-0bf2-4305-b024-489623cf7318-2.jpg)