reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Польша АКШнын өзөктүк куралын жайгаштырышы мүмкүн

Son Güncelleme :

01 июля 2023 - 10:14

reklam
Польша АКШнын өзөктүк куралын жайгаштырышы мүмкүн
reklam

Польшанын премьер-министри Моравецкий НАТО уюмун  өлкөсүнө  америкалык ядролук куралды жайгаштырууга чакырды

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Варшава Орусиянын тактикалык өзөктүк куралын Беларустун аймагында жайгаштырууга байланыштуу НАТОнун өзөктүк куралды биргелешип колдонуу программасына (Nuclear Sharing) катышууну каалай турганын билдирди.

«Биз бүткүл НАТОну өзөктүк куралды бөлүшүү программасына катышууга чакырабыз», — деди Польшанын премьер-министри.

Өзөктүк куралды бөлүшүү программасы Кошмо Штаттарга зарыл болгон учурда өзөктүк куралын Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнүн аскер-аба күчтөрүнө өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет.

16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Беларуска биринчи өзөктүк куралды жеткиргенин жарыялаган.

reklam