reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.160,78 % 1.738
Соңку кабар
reklam
Google News

Поезддердин кагылышынан 43 адам көз жумду

Son Güncelleme :

02 марта 2023 - 10:04

reklam
Поезддердин кагылышынан 43 адам көз жумду
reklam

Грециянын түндүгүндө жүргүнчүлөр менен жүк ташуучу поезддин кагылышынан 43 адам көз жумду.

Грециянын өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, кагылышуудан кийин 72 адам ооруканага жаткырылды, алардын 15и шаршемби күнү кечинде ооруканадан чыгарылды.

“Hellenic Train” поезддерде жалпысынан 354 киши болгонун билдирди.  Жүргүнчүлөрдү ташуучу поездде бригаданын 12 мүчөсү жана 342 жүргүнчү болгон, жүк ташуучу поездде эки адам болгон.

28-февралда түн ортосунда Афинадан 200 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Темпи шаарындагы Эвангелизмос станциясында жүк ташуучу поезд менен Афина-Салоники багытындагы жүргүнчү поезд кагылышкан.  Үч вагон рельстен чыгып кетип, өрт чыккан.

reklam