

АКШнын колдоосу Армения үчүн өлкө туш болгон көйгөйлөрдү жеңүүдө маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян америкалык сенатор Гэри Питерс менен жолугушууда билдирди.
Пашинян АКШ менен болгон тыгыз кызматташтыкты, анын ичинде өлкөдө демократияны чыңдоо алкагындагы кызматташтыкты жогору баалаганы айтылат.