Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясы парламенттеги 600 орундун 268ине ээ болду. Кемал Кылычдароглу жетектеген Республикалык элдик партия 169 мандатка ээ болду.
Улуттук кыймыл партиясы парламентте 50, Жаңы жыргалчылык партиясы 5 мандатка ээ болгонун айтты. Алар Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен бирге Эрдоганды колдогон Республикалык альянстын курамына кирет. Ошентип, шайлоонун жыйынтыгы боюнча азыркы президенттин блогу түрк парламентинде 323 мандатка ээ болду.
Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдары аталды
Бей Июн 1 , 2023
Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдары аныкталды. Бул тууралуу “Forbes” журналы билдирди. Маалыматка ылайык,тизменин сап башында “Реал Мадрид” клубу турат. Аналитиктер “Реалдын” баасын 5,68 миллиард еврого баалашты. Экинчи орунду 5,62 миллиард еврого бааланган англиялык “Манчестер Юнайтед” ээледи. Алдыңкы үчтүктү испаниялык “Баселона” клубу жапты (5,16). Топ-5ке ошондой эле Ливерпуль (4,95 миллиард) жана […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/1148-forbes-highest-paid-athletes-in-2016.jpg)