Париж -2024: Олимпиада оюндары 41ден 39га кыскарды

Автор

Париж өтө турган 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарынын башталышына бир жылдай  убакыт калды. Уюштуруу комитети спорттун 39 түрү боюнча спортчуларды кабыл алууга даярданууда.

Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында  спорт оюндарынын 41 түрү боюнча медалдар тапшырылган.

Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш программасынан чыгарыла турганын жарыялашкан. Учурда алардын ордуна бир гана жаңы дисциплина – брейк-данс болоору аныкталган.

Мындан тышкары скейтбординг, серфинг жана спорттук альпинизм сыяктуу спорттун түрлөрү Франция оюндарынын программасында калганын да белгилейбиз. Уюштуруучулардын пикири боюнча Эл аралык Олимпиада комитети дагы инклюзивдик, гендердик тең салмактуу жана жаштарга багытталган мелдештердин жаңы стандартын белгилешип, бул дисциплиналарга басым жасап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү таштанды басып, кароосуз калган 8063 чарчы метрди түзгөн сквер реконструкциядан өткөрүлөт. Аталган эс алуу жайга фонтан, тротуарлар курулуп, отургучтар, жарыктандыруу орнотулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн