Эл аралык Олимпиада комитети “Достук оюндарына” катышпоого чакырды

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) 2024-жылы Орусияда өтө турган “Достук оюндарына” спортчуларды катышпоого чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Эл аралык Олимпиада комитети мелдешти орус өкмөтүнүн саясатташкан окуясы катары баалады. “ЭОК олимпиадалык кыймылдын бардык катышуучуларын жана бардык өкмөттөрдү эл аралык спортту толугу менен саясатташтырууга багытталган ар кандай демилгелерге катышуудан баш тартууга чакырат” деп баса белгиледи уюм.
Эске салсак, Достук оюндары 2024-жылдын сентябрь айында Москва жана Екатеринбург шаарларында өтөт. Турнир жайкы олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун 33 түрү боюнча мелдештерди камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Директор убактылуу кызматтан четтетилди

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу көтөрүп чыккан Оштогу М.Ломоносов мектебинин директору убактылуу кызмат ордунан четтетилди. Депутат мектеп директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусу Ахмат кызы Даткайымды туура эмес форма кийгенсиң деп сүйрөп чыгып, коридордо уруптур деген билдирүүсүн тараткан. Ошол эле күнү Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн