reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 23,3638 % % 0.45
EURO 25,3850 % % 1.62
GRAM ALTIN 1.472,85 % % 1,51
ÇEYREK A. 2.408,10 % % 1,51
BITCOIN 622.344 % 0.323
Соңку кабар
reklam
Google News

Париж -2024: Олимпиадага ыктыярчыларды каттоо башталды

Son Güncelleme :

27 марта 2023 - 12:15

reklam
Париж -2024: Олимпиадага ыктыярчыларды каттоо башталды
reklam

2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети алдыдагы мелдештерге катышууну каалаган ыктыярчылар үчүн онлайн аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, арыздар 3-майга чейин кабыл алынат. Уюштуруу комитети дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 45 000 ыктыярчыны тартууну жарыялады. Талапкерлер 2024-жылдын 1-январында 18 жаштан кем эмес, француз же англис тилдерин жакшы билиши жана Олимпиада же Паралимпиадалык оюндарда ыктыярдуу иштерге 10 күндөн кем эмес катышууга даяр болушу керек.
Эң маанилүү спорттук саамалыкты өткөрүүгө көмөктөшө турган ыктыярчылар Олимпиада оюндардын веб-сайтында өздөрү тууралуу маалыматты толтура алышат: https://www.paris2024.org/en/volunteers/

reklam