Казакстанда коррупционерлердин акчасына 62 мектеп курула турганын өлкөнүн билим берүү министри Гани Бейсембаев билдирди.
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен коррупциялык кылмыш иштери боюнча камакка алынган каражаттар Билим берүүнү колдоо фондуна жөнөтүлөт. Учурда атайын эсепке болжол менен 120 миллиард теңге же 269,5 миллион доллар топтолду.
Учурда 62 мектепти куруу жана мурдагыларын кеңейтүү пландалууда. Бул иштерге 96 миллиард 495 миллион теңге (216,7 миллион доллар) бөлүү пландалууда.
Ысык-Көлдө 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталды
Бей Май 25 , 2023
Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы тиешелүү иштерди жүргүздү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган. Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/article_big_453491535238422.jpg)