Ош шаар бийлиги элге кайрылды

Wp Pw

Ош шаарынын вице – мэри Сонунбек Жунусбаев шаардыктарга чукул кайрылуу жасады.

“Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен 3 этаптуу ишибиздин  биринчи этабы ийгиликтүү аяктоо алдында турат.  Биринчи этап деген – бул  Ош шаарында жылына 30 жолу суу өчсө, анын 28 и Озгур айылындагы “Даңги” участкасына байланыштуу болот. Ошол маселени  80 пайызга чечтик. Кудай буйруса, 1-май түндөн 2-май күнгө караганда  саат 24:00-22:00 гө чейин сууну өчүрөбүз. Анткени, бүткөн жумушту шаардык суу чарбанын карамагындагы суу түтүкчөлөрүнө улайбыз”,-деп билдирди вице-мэр.

Next Post

Калыгул Бай уулунун санаттарынан

Алыска сапар жол жүрсөң, Аземдүү жорго ат жакшы. Окусаң илим үйрөнүп, Оорундуу жазган кат жакшы. Сараңдардан миңдеген , Бирда болсо сак жакшы. Пайдасы жок туугандан, Мамилелүү жат жакшы. Билбес жаман туугандан, Билеселүү жат жакшы. Бедери жок жакындан, Бек кармаган ат жакшы. Кесепеттүү катындан, Келте оору дарт жакшы. Мөмөсү жок дарактан, […]