Ош шаарынын депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Автор

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу  чечим бүгүн, 14-ноябрдагы сессиясында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, сессияда депутаттар жашыруун добуш берип, 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдосо, 3 депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен.

Эске салсак, 57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар “Аль-Хилал” клубунан кетиши мүмкүн

Сауд Арабиянын “Аль-Хилал” клубунун жетекчилиги кышкы трансфер терезесинде 31 жаштагы бразилиялык Неймар менен келишимди токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Маалыматтарга караганда, клуб сол коргоочу позициясын бекемдөөнү көздөп жатат. Октябрда Неймар 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турниринин алкагында Бразилиянын курама командасынын Уругвайга каршы беттешинде (0:2) сол тизесинин жаракат алган. Анын калыбына келиши алты […]

Сизге жагышы мүмкүн