reklam
reklam
hava 24° Orta
DOLAR 27,1540 % % 0.11
EURO 28,8975 % % -0.03
GRAM ALTIN 1.681,84 % % 0,44
ÇEYREK A. 2.749,81 % % 0,44
BITCOIN 726.396 % -0.109
Соңку кабар
reklam
Google News

Ош облусунда 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылат

Son Güncelleme :

19 июня 2023 - 14:51

reklam
Ош облусунда 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылат
reklam

2023-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн тартипте жумушчу кеңешме өткөрүлүп, Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда Ош облусунун аймагында ачыла турган 136 кыска мөөнөттүү бала бакчалардын, 2023-жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ачыла турган республикалык, муниципалдык жана жамааттык 50 бала бакчанын курулуштарынын, капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү боюнча маалыматтары эске алынып, бир катар тактоочу суроолор берилип, жооптор алынды.

Андан сырткары, балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктын жүрүшү боюнча РМАлардын жетекчилери да маалыматтарын, балдардын жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сунуш пикирлерин беришти.

reklam