Ошто бир класста 70-80 бала окуп жаткан мектептер бар

Автор

Ош шаарындагы айрым мектептерде бир класста 70-80 окуучу окуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Эл өкүлү Ош шаарындагы айрым мектептерде бир класста 70-80 окуучу окуп жатканын айтып, курулушу башталып, бирок, бүтпөй турган мектептерди бүтүрүү керектигин белгиледи.

“Бишкек, Ош шаарлары өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар деп жатасыңар. Бирок, мектептер жетишпей жатат. Азыр ички миграция күчөдү. Ошонун негизинде, шаар ичиндеги мектептер толуп, ашыкча балдарды окутуп жатышат”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Сапатка 30 жыл: Идеалдуу билим системасы

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо эле билим жолун тандаган, келечекти ойлогон,улут тагдыры бүгүнкү күн менен эле чечилип калбашын, анын түпкүлүгү өзгөчө маанилүү экендигин туура түшүнгөн. Балким мында биринчи Ажонун илим-билим инсаны болгондугу да маанилүү ролду ойнондур. Өлкөнүн ошол багытында анын оорун колдон, жеңилин жерден алып келаткан бул кыргыз-түрк лицейлеринин башын бириктирген […]

Сизге жагышы мүмкүн