Осмонакун Ибраимов: “Өзбек мекендештерибизди өзүбүзгө тарталы”

Автор

“Биздин өзбек жарандар Кыргызстандын өнүгүшүнө зор эмгек кылышты. Аларга көкүрөк ачып, ынтымакта жашашыбыз керек”,- деди академик Осмонакун Ибраимов адабиятчы жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин китептеринин бет ачар жыйынында сөз сүйлөп жатып.
“Абылабек Асанканов менен Абдыганы Эркебаевдин 2010-жылдагы “Кыргыз-Өзбек” жаңжалын изилдеген жакшы китеби жарык көрдү. Коомчулукта жаңжалды өзбек мекендештерибиз чыгарды деген туура эмес түшүнүктөр бар эле. Силер ошол жаңылыш нерсеге чекит коюпсуңар. Өзбек мекендештерибизди жээрибей кайра, аларды кызматка тартышыбыз керек”,- деп айтты ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Украинанын келечеги жок

“Украинанын өзүнүн идеологиясы, өнөр жайы жана акчасы жок. Мунун баары анын келечегинен ажыратат”,-деди Владимир Путин Кремлде аскер кызматкерлери менен жолугушууда. “Аларда баары түгөнүп баратат, өздөрүнүн базасы жок. Өзүнүн базасы, өз идеологиясы, өнөр жайы, акчасы, эч нерсеси жок болсо, анда келечек жок. Ал эми бизде бар”,-деп белгиледи Путин. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн