Орусия Париж Олимпиадасына бойкот жарыялайбы?

Автор

Орусиянын спорт министри Олег Матыцин Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоосун туура эмес деп эсептейт. Ал Эл аралык Олимпиада комитетинин акыркы чечимин күтүүнү сунуштады.
Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды 2024-жылкы Олимпиадага бейтарап спортчулар катары катышуунун сунуштап, бир катар кошумча шарттарды койгон.

Бирок спорт министри россиялык спортчулардын Париждеги оюндардан баш тартуусун туура эмес деп эсептейт. “Олимпиада кыймылынан баш тартуунун, бойкот кылуунун кереги жок. Биз диалогду улантып, күч сынашып турушубуз керек. Анын үстүнө кээ бир спортчулар квалификациялык турнирлерден өтүштү”, – деди ТАСС агенттигине Олег Матыцин.
“Келгиле, 18-19-мартка белгиленген Эл аралык Олимпиада комитетинин жыйынын күтөлү. Мүмкүн биздин маселенин акыркы чечими ошол жерден иштелип чыгат”, – деп кошумчалады Матыцин.

Бөлүшүү:
Next Post

Орозо – бардык жагынан пайдалуу

Орозо турмуштун ар бир жагдайына зарыл экенин эске алалы. Орозонун бул өзгөчөлүгү ибадаттарды мечит жана үйдө эле эмес сырта чыгарган сыяктуу. НАПСИ Орозо аркылуу адам напсини бузууга аракет кылган шайтандын азгырыгынан сактанат. Напсисин тыюга аракет кылат. Тамакка, аялга жана дүнүйөгө көз артпагандай абалда болот. Буларга байланыштуу ойлордон алыс, эркин болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн