Орусиянын президенти Владимир Путин «Крокус сити холлдо» теракттан кийин кайрылуу жасап, 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ал өз кайрылуусунда кол салууну “кандуу варвардык акт” деп атап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардыгын жасаган Тез жардам кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, 22-мартка караган түнү «Крокус сити холлдо» белгисиз адамдар концертке келген жарандарды аткылай баштаган. Кеминде 115 адам өлүп, 115и жарадар болгон, алардын арасында балдар да бар.
Москвадагы теракт: Сот 4 шектүүнү 22-майга чейин камады
Дүй Мар 25 , 2024
Дүйшөмбүгө караган түнү Москванын Басман соту Крокус Сити Холлдогу терактка катыштыгы болгон шектүүлөр Мухаммадсобир Файзов менен Шамсидин Фаридунини 22-майга чейин камакка алды. Ага чейин Басман соту эки адамды шектүүлөр Далержон Мирзоев жана Муродали Рачабализоданы камакка алууга уруксат берген. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, алар күнөөсүн мойнуна алышты. Отурум жабык өттү. […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/347112922206650-1024x633.jpeg)