Орто кылымдагы алтын зер буюмдары, күмүш тыйындар табылды

Автор

Голландияда орто кылымдарга таандык алтын зер буюмдар жана күмүш тыйындар табылды.
Кенчти 2021-жылы Хогвуд кичи шаарчасында металл детекторунун жардамы менен тарыхчы Лоренцо Руйтер тапкан. Музейдин адистери экспонаттарды изилдеп жаткан учурда сыр катары маалымат чыгарган эмес.
Табылган буюмдардын арасында төрт алтын сөйкө, эки тилке алтын жалбырак жана 39 күмүш тыйын болгон.
Монеталардын бири 1250-жылга таандык.
Музейдеги адистер орто кылымдарга таандык алтын буюмдарды табуу сейрек кездешээрин белгилейт.
Артефакттар эмне үчүн көмүлгөнүн азырынча тактоого мүмкүн боло элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Жалал-Абад каттамы күн сайын аткарылат

Бишкектен Жалал-Абадга каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-марттан тарта ата мекендик «Тез Жет»  авиакомпаниясы тарабынан Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Учуулар жумасына 7 жолу (күнүгө) аткарылат. Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына 4 жолу  — дүйшөмбү, бейшемби, жума жана […]

Сизге жагышы мүмкүн