Орозодо кандай тамактануу керек?

Автор

Ооз ачаарда курма менен ооз ачкан пайдалуу. Анткени адамдын ден соолугуна оң таасирин берип, кан басымын 5-10 мүнөттө жайына келтирээри медицинада да аныкталган. Курма болбой калса суу же туз менен менен даам татуу зарыл. Туз кишинин даам татымын (аппетит) ачат, суу болсо аш казанды тазалап, тамактын жакшы сиңишине таасир этет. Бир эле мезгилде тамактын өзөккө түшүп кетпешине көмөкчү болот. Андан соң шашпастан, дастаркон четине даярдалган тамак-аштан жесе болот.

Ач карын көп өлчөмдө муздак сууну, жашылча-жемиштерди жеген да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан тамактан кийин ичсе жакшы болот. Анан да аш казанды бир отуруп көп тойгузуп алса организмге күч келип, иштөө жөндөмдүүлүгүн начарлатат. Акырындык менен жеңил жана витаминдүү тамактарды жеш керек. Анткени организмде иммунитеттин төмөндөп кетүүсүнө жол бербөө кажет. Иммунитет төмөн болсо көптөгөн оорулардын пайда болушуна жол ачылат.

Кечинде калган тамакты муздак эле жеп алган болбойт. Мында адам ууланышы мүмкүн. Адам жетиштүү түрдө суюктукту алыш керек. Бирок ошол суюктукту алганда чаңката турган суусундуктарды ичпөө керек. Мисалы; аябай таттуу жемиш суусундугун  ичип алса, ал адам бир сааттан кийин суу ичкиси келип, чаңкашы мүмкүн. Себеби, адамдын карынында шекер концентрациясы көбөйүп, алар сууну талап кылат.

Ошондой эле туздуу тамактарды көп жеген болбойт.Тамактарды туура тандоо керек. Тамакты даярдап жатканда тузун өлчөмүнө салыштырмалуу азырак кошуу зарыл. Эгер тузду көбүрөк кошуп койсо, ал тамакты жеген адамдын денеси сууну көп талап кылат. Организмдеги суу денеден тер болуп чыгып кетет. Натыйжада организмде суу калбай калып чаңкоону күч алдырат.  Ооз бекитүү менен ооз ачуунун ортосунда коп саат убакыт бар.

Андыктан ооз ачканда жеңил тамактарды жеш керек. Коп саат даам татпаган адам ооз ачаары менен беш бармак же эт сыяктуу күчтүү тамактарды жеген болбойт. Тамактанганда өтө муздак эмес орто жылуулуктагы тамактарды жеш керек. Эгер ысык жана майлуу тамакты жеп, артынан муздак сууну ичкенде, ысык тамак тоңуп калат. Ашказан тоңуп калган тамакты майдалап иштеп чыкканда көп энергия сарпталып, ашказанга оор келет.Ошондуктан иче турган суюктук жылуу даражада болушу зарыл. Ал эми ооз ачаарда ичкен суу бир ууртамга жетсе болот. Бир бөтөлкө муздак суунун барын ичкен туура эмес. Мөмө- жемиштерди көбүрөөк жеш керек.  Ар дайым таза тамактар менен азыктансак ден соолукка чоң пайда.

Туткан орозуңуздар кабыл болсун.

Бөлүшүү:
Next Post

Кышка даярдык жазда башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ААКга барды.  Ал Токтогул ГЭСинин агрегатынын жана Камбар-Ата ГЭС-1 дин реконструкциясы менен таанышты. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 дин жол курулушун жана казылып жаткан тоннелин көрдү. Жыйынтыгында, курулуштарды тездетүүнүнү жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн