Ок атышпоо келишими күчүнө кирди

Автор

Израил менен ХАМАС кыймылынын эки күнгө узартылган ок атышпоо келишими 28-ноябрда күчүнө кирди.  Анын алкагында Газа тилкесиндеги барымтадагы 20 израилдикти бошотуу, анын ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү 60 палестиналык туткунду чыгаруу пландалууда.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал 7-октябрдан бери уланууда.  22-ноябрда тараптар Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жана туткундарды алмашууну камтыган төрт күндүк убактылуу ок атышпоо тууралуу макулдашкан.   27-ноябрда ок атышпоо эки күнгө же 30-ноябрга чейин узартылды.  Газада барымтага алынгандардын ар бири үчүн Израил үч палестиналык туткунду бошотууга убада берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат туу боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралды. Комитет жыйынында  депутат Дастан Жумабеков бул маселе боюнча референдум өткөрүү керектигин айтып, “Эл менен эсептешип, таразага салып көрөлү. Көпчүлүк эмне десе, ошол жакка кадам таштайлы. Ошондуктан  Конституцияга таянып, элден […]

Сизге жагышы мүмкүн