Нооруз – “Жаңы күн” майрамы

Автор

Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет.
Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат.
Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири — сүмөлөк.
Ноорузду Борбор Азиядагы каракалпактар, түркмөндөр, тажиктер, өзбектер, казактар, кыргыздар, Кавказдан азербейжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак элдик майрам катары
Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.
2009 — жылы Нооруз UNESKO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Нооруз майрамдык иш-чара салтанаттуу башталды

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара башталды. Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар тургундары жана президент Садыр Жапаров жубайы Айгул Жапарова менен катышууда. Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 09:00дө башталды. Ал эми саат 13:00дөн баштап улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө […]

Сизге жагышы мүмкүн