НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Киевдин Россиянын аймагындагы аскерий буталарга Батыштын куралы менен сокку урууга мүмкүнчүлүгү бар деп ырастады. «Өзүн-өзү коргоо укугу БУУнун Уставында бекитилген»,-деп билдирди НАТОнун баш катчысы Испаниянын «Ла Vanguardia» гезитине берген маегинде.
«Киев өзүн коргоого укуктуу жана биз ага бул укугун ишке ашырууга жардам берүүгө укуктуубуз»,-деди.
Буга чейин Евробиримдиктин дипломатиялык кызматынын башчысы Жозеп Боррель Евробиримдиктин коргоо министрлеринин жолугушуусунан кийинки басма сөз жыйынында Украинанын Батыштын курал-жарактары менен Россиянын аймагына жасаган соккусу эл аралык мыйзамдарга ылайык болорун билдирген.
31-майга карата аба ырайы
Бей Май 30 , 2024
Кыргызгидромет билдиргендей, 31-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын […]
