Министр: Эрдоган турганда элчи кайтып келбейт

Автор

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн президенти болуп турганда Израилдин элчиси Түркияга кайтып келбейт деп билдирди.
Тель-Авив февраль айында болгон күчтүү жер титирөөдөн кийин Түркияга жардам көрсөткөнүн эске салган Коэн «Эрдоган ыраазы эмес»,-деп кошумчалады.
Израил бийлигинин Газа тилкесиндеги аракеттери боюнча Эрдоган «Сиздер менен Гитлердин ортосунда кандай айырма бар? Нетаньяхунун жасап жатканы Гитлердин кылганынан кемби?»,-деген.
Бул сөздөрдөн кийин Израилдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы Түркиядан элчини чакырып алууну чечкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 29-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.00 сомдон болсо, сатуу 89.40 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 6 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн