НАТО өлкөлөрүнүн аймактарында жайгашкан америкалык аскер кызматкерлеринин саны 80 миңге чейин кыскарды. Бул тууралуу америкалык лидер Жо Байдендин Конгресстин палаталарынын жетекчилигине жазган катында айтылды.
Документте белгиленгендей, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аймактарында жайгашкан америкалык аскер кызматкерлеринин саны 2022-финансы жылында 90 миң аскер кызматчысынан 2023-финансы жылында 80 миңге чейин кыскарган.
«Мурас» турнири: Чейрек финалга кайсы командалар чыкты?
Ише Дек 9 , 2023
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган «Мурас» достук турниринин тайпалык оюндары орун алды. Оюндар өткөн жолкудай эле эки локацияда – «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы спорт ордосунда (С жана Д топтору) өткөрүлдү. Достук турниринде 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн эле. Алар: «А» […]