Тажикстанда Дүйшөмбү бийлиги Нооруз майрамын 21-марттан 24-мартка жылдыруу чечимин кабыл алды. Мэриянын маалыматы боюнча, мындай чечимге 21-22-мартта республикада катаал аба ырайы себеп болгон.
Өлкөнүн Гидромет борборунун маалыматы боюнча, бул күндөрү борбордо аба ырайы өзгөрүлүп турат, нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт.
Быйыл Нооруз ыйык Рамазан айына туш болгондуктан бардык маданий иш-чаралар кечинде өтөт.
Мындай чечим ыйык Рамазан айында орозо кармагандар да майрамдашы үчүн кабыл алынды.
“Нооруз-2024”: Бишкекте масштабдуу иш-чаралар өтөт
Шей Мар 19 , 2024
Жаз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы «Нооруз-2024» жаз майрамына арналган майрамдык программа даярдады. 20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат. 21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22: 00гө чейин шаардыктарды […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/5c9354285362f032314465_1.jpg)