Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр жайга калды

Автор

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен 21-февралдын алдында украин бийликтери менен өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр жай айына чейин жылдырылганын жарыялады.
“Бул бир аз убакытты талап кылат. Евробиримдик жайдын башында даяр болушу мүмкүн”,-деди Урсула фон дер Ляйен. Еврокомиссия учурда Украина менен сүйлөшүүлөр боюнча иштеп жатат. Андан кийин аны ЕБге мүчө 27 мамлекет бир добуштан бекитиши керек.
Декабрь айында европалык лидерлер Украина жана Молдова менен Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону жана Грузияга талапкер статусун берүүнү чечкени кабарланган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселдеги саммитте кабыл алынган чечимди өлкөсү жана Европа үчүн “жеңиш” деп атаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу менен жолукту

Кыргыз футбол биримдигинин президентти Камчыбек Ташиев бүгүн, 22-февралда Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө футбол биримдигинин президентти жана башкы машыктыруучу Улуттук курама командасынын 2026-жылдагы Дүйнө Чемпионатына квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн