reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңди

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 9:12

reklam
Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешин жеңди
reklam

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды.

Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. 77 кг салмакта октагонго чыккан Мыктыбек Оралбай уулу атаандашы сербиялык Урош Медичти беттештин экинчи раундунда муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган.

Мыктыбек Оралбай уулу UFC уюму менен жалпы төрт беттешке келишим түзгөн.

Кыргызстандык мушкер эрежесиз мушташ боюнча жалпы 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун беттештерине Кыргызстандын атынан эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор чыгып жүрүшөт. Валентина Шевченко уюмдун беттештеринин алкагында жети жолу чемпиондук наамын коргоп калган.

reklam