reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Мухтар Шаханов: «Эч ким мага Чыңгыз Айтматовдой дос болгон жок»

Son Güncelleme :

30 марта 2023 - 10:34

reklam
Мухтар Шаханов: «Эч ким мага Чыңгыз Айтматовдой дос болгон жок»
reklam

«Көп адамдар менен сыйлаштым, аралаштым бирок, эч кимиси мага Чыңгыз Айтматовдой жакын дос болгон жок», — деп билдирди Кыргыз жана Казак Эл акыны Мухтар Шаханов. Ал эстен кеткис бир окуясын мынтип эскерет.

«Бир жолу катуу ооруп, эсимен танып калыптырмын. Аялым дарыгерлерди чакырса, алар мени өлдү деп өлүкканага алпарып салыптыр. Бир оокумда чөнтөгүмдөгү телефон чырылдап кетти. Мен өзүмө келе түшүп алсам, Чыңгыз Айтматов экен. Анда ал Бельгияда элчи эле. Түнкү саат 2-3 болсо да, уйкум келбей сага коңгуроо кылгым келди, тынчсыңбы деги дейт. Ошондо мен айгай салып, “мен тирүүмүн, мен тирүүмүн» десем, чуркап келип, өлгөндөрдүн арасынан чыгарып кетишти».

Белгилүү акын Мухтар Шаханов 1942-жылы туулган. Анын ырлары 50дөн ашык тилдерге которулган.

reklam