Кыргызстандын муфтийи чет элде иштеп, жашаган Кыргызстандыктар үчүн айрым өлкөлөрдө муфтияттын өкүлчүлүгүн ачты. Ага ылайык Абдышүкүр Нарматов Орусиянын Азия бөлүгү боюнча өкүлү болуп дайындалды. Орусиянын Европа бөлүгү боюнча Самидин Атабаев, Сауд Арабиядагы өкүлү Абдували Акматов, Мисирдеги өкүлчүлүгүнө Акылбек Тагаев жана Иорданиядагы өкүлү болуп Элдияр Көбөнов дайындалышты. Муфтий Замир кары Ракиев чет элде жашаган мекендештерге диний кызматты жакшыртуу максатын көздөп, аалымдарды жаңы кызматтарга дайындады.
20-майга карата аба ырайы
Жум Май 19 , 2023
Эртең, 20-майда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/pogoda-1-Read-Only-1200x800-2.jpg)