«Мурас» турнири: Чейрек финалга кайсы командалар чыкты?

Автор

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган «Мурас» достук турниринин тайпалык оюндары орун алды.
Оюндар өткөн жолкудай эле эки локацияда – «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы спорт ордосунда (С жана Д топтору) өткөрүлдү.
Достук турниринде 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн эле. Алар:
«А» тайпасы – «Президенттин командасы», «Фемида», «Өнөр», «Журналисттер».
«B» тайпасы – «Билим», «Жогорку Кеңеш», «Ден соолук», «Аймактар».
«C» тайпасы – «Спорттук федерациялар», «Бизнес», «Ыйман», «Достук».
«D» тайпасы – «Коопсуздук», «Алга», «Банкттар», «Спорт жылдыздары».
Тайпалык этаптын алкагында командалар 3 турдук беттештерди өткөрүп, жыйынтыгында эң көп упай топтогон эки команда кийинки баскычка өтмөк.
Аталган оюндардын жыйынтыгы менен эми чейрек финалдык этапта төмөнкү жуптар ойнойт:
10:00 — «Президенттин командасы» – «Спорттук федерациялар»;
10:30 — «Достук» – «Фемида»;
11:00 — «Ден соолук» – «Алга»;
11:30 — «Спорт жылдыздары» – «Билим».
Оюндар эртең «Газпром» спорт компексинде өтүп, чейрек финалдык оюндардан соң жарым финалдык жана финалдык беттештер орун алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 9-10-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн