МСК: Салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Автор

Юридикалык жактарда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн бир жума калды. Бул тууралуу Салык кызматы эскертет.

 

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга 3000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат

Бөлүшүү:
Next Post

Акжол Махмудов Власов менен боло турчу беттеш алдында билдирүү жасады

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде орусиялык Роман Власов менен күрөшөт. Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат. Акжол Махмудов беттеш алдында соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. «Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз […]

Сизге жагышы мүмкүн