reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Москвада антитеррордук иш-чаралар: Тургундарды сыртка чыкпоого чакырды

Son Güncelleme :

24 июня 2023 - 11:07

reklam
Москвада антитеррордук иш-чаралар: Тургундарды сыртка чыкпоого чакырды
reklam

Бүгүн, 24-июнда Москвада терроризмге каршы чаралар көрүлүп, жолдорго кошумча көзөмөл киргизилди. Бул тууралуу борбордун мэри Сергей Собянин билдирди. «Түшкөн маалыматтарга байланыштуу Москвада коопсуздук чараларын күчөтүүгө багытталган антитеррордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жолдорго кошумча көзөмөл киргизилди. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө коюуга болот. Көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз»,-деп жазды мэр.
Маалыматтарга Вагнер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин алардын лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын, ага коргоо министри Сергей Шойгу жеке санкция берген деген кептер тарады. Ал “акыйкаттык маршын” баштоону убада кылды. Бул аскердик төңкөрүш аракети катары кабыл алынган. Ал арада Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги бул маалыматты чындыкка коошпойт жана маалыматтык чагым деп атады. ФСБ куралдуу көтөрүлүшкө чакыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Андан соң Ростов облусунун губернатору жергиликтүү тургундарды шаардын борборуна баруудан баш тартууга чакырып, үйлөрүнөн чыкпоону суранды. Липецк облусунун башчысы аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жарыяласа, Воронеж облусунун өкмөтү М-4 Дон жолу менен аскердик техниканын кербени жүрүп жатканын билдирди.

reklam