reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Министр: Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн азыраак

Son Güncelleme :

17 апреля 2023 - 13:06

reklam
Министр: Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн азыраак
reklam

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн согуштук аракеттер башталгандан берки жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын санынан аз экенин Украинанын коргоо министри Алексей Резников La Razon басылмасына берген маегинде билдирди.
«Согушуп жаткандыктан жоготууларыбыз бар. Бирок россиялыктарга караганда сан жагынан кичине. Цифра айта албайм, бирок жалпы сан Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун санынан аз экенине ишендире алам»,-деди ал.
Украинанын коргоо министри ошондой эле Киев Батыш өлкөлөрүнөн мурда талап кылган куралдын бардык түрлөрүн алганын белгиледи. «Министрликти жетектеп турганда Аяз атага жазган катым өтө узун деп тамашалап айткам. Эми бир гана нерсени алуу калды — согушкерлер. Калгандары аткарылып бүттү,»-деди Резников.

 

reklam