

«Сиз менин абройума шек келтирип жатасыз. Кооздоп сүйлөй бергендин эмне кереги бар? Колуңузда далилиңиз болсо, бербейсизби»,- деди маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаевге. «Сиз айткан маселенин баарын билебиз, каражат жагы караштырылып жатат»,-деп кошумчалады.