Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Автор

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант беришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Жыйынында жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ант берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев министрлер кабинетини мүчөлөрүнө ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга барат

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – […]

Сизге жагышы мүмкүн