reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 27,1508 % % 0.1
EURO 28,9391 % % 0.11
GRAM ALTIN 1.680,98 % % 0,38
ÇEYREK A. 2.748,41 % % 0,38
BITCOIN 726.067 % -0.942
Соңку кабар
reklam
Google News

Миллиардер: Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта»

Son Güncelleme :

17 мая 2023 - 10:26

reklam
Миллиардер: Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта»
reklam

Америкалык миллиардер Илон Маск күнүнө алты саат уктап, жумасына жети күн иштей турганын, анткени, убакыт жалгыз чыныгы валюта экенин айтты.
Маск CNBC телеканалына берген маегинде: «Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта»,-деди ишкер.
Ушул себептен Twitter социалдык тармагынын башкы директору кызматынан кетүүнү чечкенин айткан Маск өзүнүн башка Tesla жана Space X компанияларына көңүл бурууну пландаштырып жатканын кошумчалады.
Масктын айтымында, ага болгону 6 саат уктоо керек. Ал азыраак уктоого аракет кылган, бирок андан өндүрүмдүүлүктүн төмөндөп кеткенин сезген. Ишкердин айтымында, ал жумасына жети күн иштеп, жылына эки-үч күн гана эс алат.

reklam