Мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт

Автор

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Чүй облусундагы  көчмө коллегияда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

— азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?

— мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазышы керек?

— ЖРТда жалпы деңгээлди кантип көтөрүү керек?

— PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды кантип күчөтүү керек?

Бөлүшүү:
Next Post

Кесипкөй аюу кучактагычтар изделүүдө

АКШнын Нью-Мексико штатынын Аңчылык жана балык чарба департаменти адаттан тыш вакансия жарыялады. Аларга тез арада агенттикке кесипкөй аюу кучактагычтар керек. Талапкер оор шарттарда баса алышы керек. Аюунун уясына сойлоп кете ала тургандай кайраттуу болушу керек жана бул кызыктуу процессте анын коопсуздугу үчүн кесиптештерине ишениши керек. Талапкерлердин кызыгуусун арттыруу үчүн департамент […]

Сизге жагышы мүмкүн