reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Мектепке 1-класска электрондук каттоого 73 миң 210 бала кабыл алынды

Son Güncelleme :

15 июня 2023 - 15:17

reklam
Мектепке 1-класска электрондук каттоого 73 миң 210 бала кабыл алынды
reklam

2023-жылдын 10-апрелинен 14-июнуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 73 миң 210 бала кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасында айтылат. Анын ичинен 1 миң 564 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Бишкек шаарында – 6 миң 719 бала (анын ичинен 501 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 14 миң 989 (анын 235и жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 6 миң 316 (235и жеңилдик менен)

Ош облусунда – 15 миң 301 (анын 177си жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 6 миң 744 (анын 67си жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 8 миң 391 (анын 145и жеңилдик менен)

Талас облусунда – 3 миң 754 (анын 54ү жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 4 миң 140 (анын 46сы жеңилдик менен)

Ош шаарында – 2 миң 156 (анын 143ү жеңилдик менен)

reklam