reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

Меккеге чоң суммадагы акча алып келбөөгө чакырышты

Son Güncelleme :

03 апреля 2023 - 15:36

reklam
Меккеге чоң суммадагы акча алып келбөөгө чакырышты
reklam

Ажылык жана умра министрлиги расмий Twitter баракчасына зыяратчыларга сунуштарды жарыялады. Бир катары ажылыктын каржы жагына байланыштуу. Өлкө бийлиги умрага барган зыяратчылардан алтын куймаларды, асыл таштарды жана жалпысынан баалуу металлдарды алып келбөөнү жана 16 миң АКШ долларынан ашпаган накталай акча алып жүрүүнү суранат.
«Алланын коноктору Сауд Аравияга тиешелүү өлчөмдөгү акча менен келсе бул алардын жакшы финансылык жоопкерчилигинен кабар берет»,-деп айтылат Ажылык жана умра министрлигинин билдирүүсүндө. Ошондой эле, өлкө бийлиги элди расмий сайттардан банктык тиркемелерди жүктөп алууга, валюта алмаштырууда толук лицензиясы бар гана каржы институттарынын кызматынан пайдаланууга чакырды.
Сунуштар ыйык Рамазан айында Сауд Аравиясына дүйнөнүн төрт бурчунан эбегейсиз көп зыяратчылар келгендигине байланыштуу.
Эске салсак, быйыл Рамазан айы 23-мартта башталды.

reklam