reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Мас айдоочулар азайды

Son Güncelleme :

25 марта 2023 - 9:44

reklam
Мас айдоочулар азайды
reklam

Кыргызстан боюнча 8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин мас болуп рулга отурган 423 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 800 мас айдоочу кармалган. Бул жылы андай жорук жасагандар 41%га азайганын байкоого болот.

Мурда мас айдоочулар 17 миң 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы шартка ылайык, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында кармалса, унаасын токтотуп коюу менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылат.

reklam