“Манчестер Сити” тогузунчу жолу Англиянын чемпиону болду

Автор

“Манчестер Сити” мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Англия чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Англия Премьер-Лигасынын 37-турунун матчында лондондук “Арсенал” клубун  0:1 эсебинде уткан “Манчестер Сити” 4 упай  менен алдыга чыкты. Муну менен “Манчестер Сити”  улуттук чемпиондукту катары менен үчүнчү жана тарыхта тогузунчу жолу жеңип алды.

Хосеп Гвардиола жетектеген команда требл 3-июнда Лондондогу Уэмбли стадионунда Англия Кубогунун финалында Манчестер Юнайтед менен беттешет. Ал эми , 10-июнда Стамбулда Чемпиондор Лигасынын финалында миландык “Интер” клубу менен күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн  Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Бүгүн, 22-майдан тарта Бишкек шаарында ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Кошумчалай кетсек, жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн өчүрүүлөр жүргүзүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн