

Президент мал жандыктарга салык киргизүүгө каршы. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мал жандыктарга салык киргизүүнү депутат Жеңишбек Токторбаев демилгелеп, талкууга алып чыккан. Депутаттын демилгеси коомчулуктун нааразычылыгын туудурган. Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик түзүлүшү керек деп эсептейт.