Мадумаров кылым кыйшайбайт деди

Автор

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште маалымат жыйын куруп, өзүнө козголгон кылмыш иштин чоо – жайын түшүндүрүп, “кылым кыйшайбайт”,- деди. “Кемпир-Абад маселеси бийликтин маңдайына жазылып калган кылмыш. Булар кетсе деле бул козголо берет. Ойлошу мүмкүн, кылмыш иш ачып, камап койсок баары унчукпай калат деп. Мен айтканмын, мага демектен күндү батыштан чыгарып жибергиле. Адамдын башында бир өлүм. Менин кылым кыйшайбайт, мен муну өмүр бою козгой берем”,- деп билдирди. Ал баарына даяр экенин айтып, адам саясатка киргенде баарына даяр болушу керек экенин эскерткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Эрдогандын инаугурациясына барбайт

Түркиянын кайра шайланган президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурация аземине Россиянын атынан Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин катышат. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин түрк кесиптешинин инаугурациясына бара алабы деген суроого бул иш-чарага чет элдик лидерлер үчүн чакыруу болгонун укпаганын айтты. Ал арада Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын […]

Сизге жагышы мүмкүн