«Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган. Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.
Мындан тышкары, Абакан көчөсүнүн 121-дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды.
Кайра шайлоодо талапкерлердин документтерин кабыл алуу 28-мартта аяктайт
Шей Мар 26 , 2024
Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн көрсөтүүнү каалаган жарандарга документтерин кабыл алуу 28-мартта аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет. Маалыматка ылайык, 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/vybory-2020.jpg)