reklam
reklam
hava 11° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 29,0009 % % 0.04
EURO 31,2318 % % 0.03
GRAM ALTIN 1.862,13 % % -0,24
ÇEYREK A. 3.044,58 % % -0,24
BITCOIN 1.232.250 % -3.719
Соңку кабар
reklam
Google News

Лукашенко Украинада ок атышууну токтотууну сунуштады

Son Güncelleme :

01 апреля 2023 - 10:25

reklam
Лукашенко Украинада ок атышууну  токтотууну сунуштады
reklam

Беларустун президенти Александр Лукашенко Улуттук ассамблеяда кайрылуусунда Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүн жактап, Украинада ок атышууну жана согуштук аракеттерди токтотууну сунуштады.
«Мен согушту токтотууну сунуштоо үчүн тобокелге салууга аракет кылам. Элдешүү жарыялансын. Эгерде Батыш бул убакытты кайрадан алдамчылык үчүн колдонсо, анда Россия армиянын толук күчүн, байытылган уранды да пайдаланууга милдеттүү болот. Аскер кызматкерлери мени түшүнөт»,-деди Лукашенко.
Беларус элине жана парламентине кайрылуусунда мамлекет башчысын эл шайлашы керектигин баса белгиледи. «Кызматымда акыркы күндөргө чейин өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштейм. Бул жагдайга байланыштуу жана кызматты ээлейм дегенди билдирбейт. Силердин баарыңардай эле менин да балдарым, неберелерим бар, алар тынч жана эгемендүү өлкөдө жашашы керек»,-деген өлкө башчысы балдары президент болбой турганын айтты. «Биз мураскорлук, тукум куучулук тууралуу ар кандай сөздөрдү токтотушубуз керек, менин балдарым президент болбойт»,-деп өлкө элине жана парламентине кайрылуу жолдоду.

reklam