Ленин округундагы шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Автор

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участогунда милиция кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.

 

“Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын, эксперттердин катышуусунда өткөн президенттин жыйынында күч түзүмдөрүнө катуу тапшырмалар коюлду. Анын ичинде добуш сатып алууга жол бербөө, эгерде добуш сатып алуу фактылары каттала турган болсо, анда катуу чараларды көрүү, шайлоо ишмердигине аралашпоо, ар бир орган өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде иш алып баруу жана башка бир катар багыттар белгиленди. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнн саясатка аралашуусуна тыюу салынды”, – деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-майда өтөт. Шайлоодо 30 талапкер ат салышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгородго Украинанын чабуулунан сегиз киши жарадар болду

Белгород облусунда украиналык диверсия жана чалгындоо тобунун кол салуусунан сегиз киши жараланды. Грайворон районундагы украиналык диверсанттардын аракеттери тууралуу маалымат губернатордон келди. Глотово айылын жана Грайворон аймагын аткылоо учурунда Замостье айылындагы бала бакчада снаряд түшкөн. Адамдар өрттүн кесепетинен жабыркаган. Белгород облусунда антитеррордук операция режими киргизилди. Губернатордун айтымында, душманды жок кылуу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн